Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Парламент комитеттердин жаңы түзүмүн карайт


Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңеш профилдик комитеттердин жана аппараттын жаңы түзүмүн карайт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылды. 10-октябрда коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаков Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк комитеттердин жана аппараттын жаңы түзүмү иштелип чыкканын билдирген.

Айрым депутаттар комитеттер жана алардын төргалары бекитиле элек болгондуктан иш толук кандуу жүрбөй жатканын сындашкан. Учурда Жогорку Кеңеште 13 тармактык комитет иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG