Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Казакстанда Аблязовго жасалма документ берген делгендер камалды


Казакстан жаранынын паспортунун көрүнүшү
Казакстан жаранынын паспортунун көрүнүшү
Өлкөнүн батышындагы Атырау шаарында сот бүгүн жергиликтүү эки тургунду учурунда өлкөдөн качкан банкирге жана анын туугандарына жасалма документ берген деп эки айга камаган чечимин чыгарды. Атырау регионалдык сотунан “Азаттыкка” билдиришкендей, жергиликтүү миграциялык полициянын инспектору менен бир ишкер 2009-жылы банкир Мухтар Аблязовго паспорт жасап, өлкөдөн качканга жардам берген деген айып менен төрт күн мурда кармалышкан. Президент Нурсултан Назарбаевдин негизги сынчыларынын бири Мухтар Аблязов анын БТА банкына казак бийликтери көзөмөлдү орнотушкандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр Аблязов каякта жүргөнү белгисиз. Ага Казакстанда өзүнүн банкынан учурунда 5 млрд. долларды уурдаган деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG