Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

«Ата-Журт» партиясынын Оштогу митинги келерки аптага жылды


Митинг 15-октябрга жылдырылганын “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Ош облусундагы штаб жетекчиси Дария Шабданова кабарлады. Анын айтымында, кечээ ачкачылык кармап баштаган алты адам Ош шаарынын борбордук аянтында түнөштү. Ушул тапта ачкачылык акциясын улантууда.

Мындай митинг Оштун борбордук аянтында кечээ да өтүп, ага миңге чамалаш киши катышкан. Алар бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган депутаттарды бошотуу талабы коюшкан.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр ишканасын улутташтыруу боюнча митинг башаламандык менен коштолуп, Ак үйгө чабуул жасалган. Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп тараткан. Бул окуядан соң Жогорку Кеңеш депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылып, УКМК абагына камалган. 5-октябрда сот алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG