Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

АКШда сот Samsung компаниясына болгон чектөөнү жокко чыгарды


Самсунг менен Эплдин тиреши күн санап курчуп баратат
Самсунг менен Эплдин тиреши күн санап курчуп баратат
Буга чейин Калифорния соту түштүк кореялык "Самсунг" компаниясынын негизги атаандашы болгон "Эплдин" арызын канааттандырып, АКШда Samsung Galaxy Nexus деп аталган смартфонду сатууга тыйуу салган эле. Эми Апелляциялык сот бул чекти кайра алып салды. Жаңы технология чыгарган "Самсунг" жана "Эпл" компанияларынын тиреши көп жылдан бери уланып, соттошууларына чекит коюлбай келатат. "Эпл" "Самсунгду" iPhone жана iPad чыгарууда биздин идеябызды көчүрүп алган деп айыптоодо. "Эплдин" бул дооматын август айында сот канааттандырып, "Самсунгду" атаандашына 1 миллиард доллар төлөөгө милдеттендирген. Түштүк кореялык компания "Эплдин" программаларын көчүргөн деген айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG