Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Мурдагы мүлк министри Турсун Турдумамбетов кармалды


Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жана анын орун басары Алмасбек Иманалиев кармалды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, алар учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында. Экс-министрге жана орун басарына "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлууда. Башкы прокурордун басма сөз кызматкери Жыргал Курманбековдун билдиришинче, алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча Бакиевдин мүлкүн мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар деп шектелип жатат.

Турсун Турдумамбетов 12-октябрда мурдараак камакка алынган Бишкек шаардык прокуратуранын прокурору Элдар Мадылбековго байланыштуу ишти тергөө учурунда кармалган. Ал эми анын орун басары Алмасбек Иманалиев 13-октябрда кармалды.

Бишкек шаардык прокуратуранын бөлүм прокурору, депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков сентябрдын ортолорунда убактылуу камакка алынган. Ал “апрель окуясынан кийин Бакиевдин мүлкүн мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар” деп шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (көз бойомочулук), 350-беренеси (жасалма документтерди жасоо, колдонуу) боюнча айыпталууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG