Чехиядагы регионалдык шайлоодо солчул партиялар, анын ичинде коммунисттер көпчүлүк добушту алды. Жума-ишемби күндөрдөгү шайлоо - башкаруучу Жарандык демократиялык партия үчүн чоң жеңилиш болду деп бааланууда. Социал-демократтар 23 проценттен көп добуш алып, 13 крайдын 9унда жеңди. Чехословакия коммунисттик партиясы 20 процентке жакын добуш алып, эки крайда жеңди.
БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 37 проценти катышты. Акыркы айларда Чехияда бийликтеги орточул-оңчул Жарандык-демократтык партиянын мартабалуу мүчөлөрү аралашкан бир нече коррупциялык иштин бети ачылган. Көпчүлүк эл салыктардын жогорулашына жана социалдык чыгымдардын кыскартылганына нааразы.