Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Апрель окуясы боюнча соттук иш 15-октябрда уланат


Апрель окуясы боюнча эртеңки сотто айыпталуучулар сурала баштайт. Айыпталуучу катары үй камагындагы УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, тергөө абагында отурган мурдагы күч түзүмдөрүндө жооптуу кызматтарда иштеген Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов, андан тышкары "Альфа" отрядынын, мамлекеттик кайтаруу кызматынын 18 кызматкери сотто суралууда.

2010-жылы ноябрда сот иши башталгандан бери апрель окуясында курман болгон 77 адамдын жакындары толугу менен, жарадар болгон 306 адамдын 200дөн ашууну жана 117 күбөнүн 100ү суралып бүткөн.

Быйыл 1-октябрда негизги айыпталуучулардын бири Мурат Суталинов үй камагына чыгарылгандан кийин эксперттер суралды. Жабырлангандардын адвокаты Осунбек Жамансариев эки жылдан бери созулган соттук иш жыйынтыкталаарына аз убакыт калганын буга чейин билдирген.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы тополоңдо каршылык акциясына чыккандарга ок аткандыгы үчүн жана башка кылмыштарда айыпталгандардан мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон бир нече адам качып жүрөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG