Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Энергетикалык айлампа тууралуу сүйлөшүү Ташкенде уланат


Борбор Азиядагы энергетикалык айлампага байланыштуу Казакстан-Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүү ушул жумада Ташкенде болмокчу. Ага Кыргызстандан “Улуттук электр станциялары” ишканасынын жетекчилиги катышары айтылууда. Сентябрь айында ушул эле маселе менен коңшулаш үч өлкөнүн энергетиктери Казакстандын борбору Астанада жолугушкан. Бирок сүйлөшүүдөн Кыргызстан үчүн оң натыйжа чыккан эмес. Ташкендеги сүйлөшүүлөр 25-октябрга чейин жүрөт.

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан чыгуу тууралуу оюн Казакстан буга чейин бир нече жолу билдирген. Алар мунун себебин Өзбекстан айлампадагы электр энергиясынан мыйзамсыз пайдаланып жатканына байлашууда. Казакстан энергетикалык айлампадан чыкса, Кыргызстандын түндүгүнүн көпчүлүк бөлүгү электр энергиясыз калат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG