Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Украина аял журналист Сирияда уурдалганын жарыялады


Орусия телеканалы үчүн иштеген украиналык Анхар Кочнева Сирияда жоголгону президент Виктор Януковичтин билдирүүсүндө айтылат. Украин президенти белгилегендей, ал журналисттин жоголушун иликтөөнү жана анын укугун коргоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Украин тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Дикусаровдун айтымында, Анхар Кочнева өз кесиптештерине акыркы ирет 12-13-октябрь күндөрү байланышып, аны 9-октябрда Эркин Сирия армиясынын козголоңчулары уурдап кеткенин билдирген. Учурда журналистти аман-эсен бошотуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

Козголоңчулардын Эркин Сирия армиясы деп аталган тобу президент Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG