Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Миграция боюнча өзүнчө мекеме ачуу сунушталды


Кыргызстанда миграция маселелери менен алектенген өзүнчө мамлекеттик орган түзүү керек. Мындай сунуш өлкө жетекчилигине Тышкы иштер министрлигинде өткөн жыйында айтылды. Жыйында соңку тогуз айдагы Кыргызстандын тышкы саясый ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, миграция саясатына жана консулдук кызматтын ишине байланыштуу маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында аталган министрликтин карамагындагы тышкы миграция департаментинин иши жетишсиз болуп жатканы айтылды. Тышкы жана ички миграция саясатын ишке ашыруучу өз алдынча мекеме түзүлүшү керектиги баса белгиленди.

Жумушсуздуктун айынан Кыргызстандын орточо эсеп менен алганда 500 миңдей жараны Орусияда, дагы он миңдеген жараны Казакстанда эмгек мигранты болуп жүрөт. Башка чет мамлекеттерге иштегени барып ошол жакта жашап калган жарандар да көп. Ошондой эле өлкө ичинде айыл-кыштакта жашагандардын көбү шаарларга көчүп келген көрүнүш соңку жылдары күч алган. (RK)

XS
SM
MD
LG