Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Клинтон Бенгазидеги консулдуктун коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды


АКШнын Бенгазидеги консулдугуна чабуул болгондон бир күндөн кийинки көрүнүш, 12-сентябрь, 2012
АКШнын Бенгазидеги консулдугуна чабуул болгондон бир күндөн кийинки көрүнүш, 12-сентябрь, 2012
Өткөн айда Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШнын консулдугуна болгон чабуулда америкалык элчи жана үч америкалык жаран набыт болушкан. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ бир топ интервьюларында Бенгазидеги консулдуктун коопсуздугун бекемдөөдөн баш тартуу боюнча чечимди жеке өзү кабыл алганын, анткени АКШнын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин коопсуздугу толугу менен анын милдетине кирерин айтты.

Мамкатчы буга президент Барак Обаманын жана вице-президент Жо Байдендин эч күнөөсү жоктугун белгиледи.

Билдирүү президент Обама менен Республикалык партиядан анын президенттик шайлоодогу атаандашы Митт Ромнинин кезектеги дебатынын алдында жасалып жатат. Ромни биринчи теледебатта “Бенгазидеги чабуул Обаманын администрациясынын тышкы саясатынын алсыздыгын көрсөттү” деген болчу.

XS
SM
MD
LG