Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Бакыда Экономикалык саммит өтүп жатат


Саммиттен бир күн мурда Бакыда Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад (солдо) менен азери президенти Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү өттү.
Саммиттен бир күн мурда Бакыда Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад (солдо) менен азери президенти Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү өттү.
Иран, Пакистан жана Түркиянын лидерлери Бакыда Экономикалык саммитке чогулушту. Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити бүгүн Бакы шаарында ачылды. Жумурияттын тышкы иштер министри Элмар Мамадияров саммитте 10 мамлекет мүчө болгон уюм канткенде региондун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана турганы талкууга алынарын кабарлады. Жыйындын аягында мындан аркы кызматташтыктын принциптерин аныктаган “Баку декларациясына” кол коюлары күтүлүп жатат.

Саммитке ооган президенти Хамид Карзай, Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад, Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардари жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган катышары айтылган. Ошондой эле калган алты өлкөнүн, анын ичинде Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү болушат.

XS
SM
MD
LG