Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Камила Талиева ачкачылык жарыялагандардын абалы менен таанышты


Вице-премьер-министр Жалал-Абадда “Ата Журт” партиясынан депутаттарды камактан бошотуу, Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен ачкачылык кармап отургандар менен жолукту. Вице-премьер ачкачылык кармап отургандардын талабын өкмөт башчыга жеткирерин билдирди. Камила Талиева кечээ Жалал-Абадда болгон жыйынга келип, сөз сүйлөгөн. Элдик жыйынга айрым депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер, оппозициянын өкүлдөрү катышты.

17-октябрда Жалал-Абаддагы митингге мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, спикер баштаган бардык фракция башчылары, коомдук-саясий ишмерлер жарандык коом өкүлдөрү жана КТРК, ЭлТР баштаган айрым маалымат каражаттарынын жетекчилери чакырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, Жалал-Абаддагы митинг бүгүн да уланат. Ушул тапта аянтта тигилген боз үйдө 24 аял ачкачылык акциясын өткөрүүдө. Алардын абалына дарыгерлер көз салышууда.

Жалал-Абадда нааразылык акция 4-октябрда башталган. (YA/ZKo)

XS
SM
MD
LG