Ага ылайык, жаңы жылдан тарта Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун кирешеден төлөнүүчү салыгы 5% болот. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев кечээ парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинде билдирди. Анын айтымында, учурда уюлдук байланыш операторлору кирешеден 2% салык төлөшөт, муну 3% көтөрүп коюудан компаниялар жабыркабайт. Адылбек Касымалиев Кыргызстанды уюлдук операторлор байланыш акысын көтөрбөөгө убада беришкенин да кошумчалады. Айрым депутаттар уюлдук байланыш компаниялары мындай убадасын аткарарына ишенбестигин билдиришкени менен комитет мыйзам долбоорун колдоого алды. Эми бул маселе парламенттин жалпы отурумунда каралат.
Кирешеси арбын ишканалардын салыгын көбөйтүү сунушун мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров да айтып чыккан эле.
Кыргызстанда 8 уюлдук байланыш оператору катталган, учурда алардын жетөө байланыш кызматын көрсөтөт. Расмий маалыматтар боюнча “Альфа телеком” (Мегаком) компаниясынын жылдык кирешеси 7 млрд. сомдон, Sky Mobile (Beeline) ишканасыныкы 6 млрд. сомдон ашуун. Ал эми Katel уюлдук операторунун бир жылдык кирешеси 29 млн. сом. (ZKo)