Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:07

Апрель окуясы боюнча сот бүгүн да уланат


Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн айыпталуучулар көрсөтмө берүүнү улантышат. Анын айтымында, бүгүнкү сот жараянында мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов көрсөтмө берери айтылууда.

7-апрель окуясы боюнча сотто кечээ мурдагы президенттик администрациянын башчысы Каныбек Жороев көрсөтмө берип, кан төгүүгө тиешеси жоктугун билдирди. Ал куралсыз элге карай ок чыгаруу тууралуу ким буйрук бергенин да укпаганын айтып, өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке какты.

Апрель окуясы боюнча ишти Бишкек аскердик гарнизондук соту кароодо. Бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге айып тагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG