Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Мырзакматов: Оппозициячыл депутаттар үй камагына чыгарылсын

“Улуттар биримдиги” cаясый партиясы жогорку бийликти оппозициячыл депутаттарды үй камакка чыгарууну чакырат, андан соң алардын жасаган иш-аракетине укуктук бааны акыйкат сот гана бериши зарыл. Мындай билдирүү менен бүгүн Ош шаарынын мэри, “Улуттар биримдиги” cаясый партиясынын лидери Мелис Мырзакматов чыкты.

"Эң өкүнүчтүүсү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө чок салууну жана улуттар аралык мамилени кайрадан бузууну көздөгөн үчүнчү саясый күчтөр түштүктөгү элдин нааразычылыгын өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши толук мүмкүн", - деп айтылат Ош мэринин кайрылуусунда.

3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журттун" үч лидер депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимге каршы болгон айыпталуучу тараптын адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча чечимин өзгөртүүдөн баш тартты. Садыр Жапаров боюнча сот 22-октябрда өтөт. (RK)
XS
SM
MD
LG