Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Камчыбек Ташиев абакта ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ата-Журт” партиясынын лидери кургак ачкачылык кармап, суу ичүүдөн да баш тартууда. Камчыбек Ташиев ачкачылык акциясын Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин баштаптыр:

- Ташиевдин ачкачылыгы жөн эле көргөзмө үчүн утурумдук жасалган, бүгүн баштап, эртең токтото койчу иш эмес. Ал муну баса белгилеп айтып атат, аягына чейин турам, өлсөм да токтотпойм деп жатат.

Адвокат Икрамидин Айткулов депутат Камчыбек Ташиев бул аракети менен бардык мыйзамсыздыктарга каршылыгын билдирип жатканын кошумчалады.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр боюнча митингге чогулгандарды "Ата-Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев бийликти алууга үндөп, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Жогорку Кеңештин короосуна кирип баргандарды милиция күчтөп тараткан.

Бул окуядан соң ошол күнү кечинде "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров, фракция мүчөлөрү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов УКМК абагына камакка алынган. 5-октябрда алардын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту үч депутаттын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.

Бүгүн Бишкек шаардык сот камалган депутаттардын адвокаттарынын райондук соттун чечимине карата апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG