Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт кечээ кайрылуу жасап, Максим Бакиевге британ бийлиги тарабынан жасалып жаткан мамиле тууралуу медиа каражаттарында жазылган маалыматтарга жооп берди. Фарнворт айым кайрылуусунда Британияда калыптанган жоболорго ылайык, жеке башпаанек берилген учурлар боюнча комментарий берилбестигин билдирген. Анда айтылгандай, башпаанек берүү жөнүндөгү британ мыйзамдарынын жалпы принциби негизинен башкалка алган адамды үчүнчү бир өлкөгө өткөрүп берүүгө тоскоол болбойт. Элчи айым Британ полициясы АКШ өкмөтүнүн Максим Бакиевди экстрадициялоо өтүнүчүнө жооп бергенин белгилеп, Максим Бакиевге байланыштуу жараяндар кадимкидей эле тартипте, бирок Британиянын сот системасынын талаптарына ылайык өткөрүлөөрүн бекемдеген.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 12-октябрда Лондон шаарында британ укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Көп өтпөй күрөөгө бошотулганы маалымдалып, айрым маалымат каражаттары британ бийлиги ага башпаанек берүүгө макул болгонун жазып чыгышкан эле. Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо боюнча сот иши 7-декабрда Лондондо каралары кабарланды.
АКШ өкмөтү Максим Бакиевге “баалуу кагаздар менен көз боёмочулук кылган, кылмышты соттон жашырууга аракет кылган” деген шек менен издөө жарыялаган. Кыргызстанда болсо Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигин жетектеп турган тушта өнөктөштөрү менен бирге мамлекеттик акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталып, эл аралык издөөгө алынган. (ZKo)