Жети деңизчинин алтоосу Орусиянын, бирөө Эстониянын жараны экендиги аныкталды. Окуя дүйшөмбү күнү болгон, бирок Орусиянын Нигериядагы элчилиги жана кеменин ээси болгон француз компаниясы муну бүгүн гана расмий ачыкташты. Деңиз каракчылары Нигериянын кара май ташыган кемесине кол салып, кемени карактаган соң 7 аскерди кошо ала кетишкен. Азыр алардын кайда экени дайынсыз.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Нигериянын бийликтери менен биргеликте аларды табууга бар аракетин жумшай турганын билдирүүдө.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Нигериянын бийликтери менен биргеликте аларды табууга бар аракетин жумшай турганын билдирүүдө.