Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашкандай, суук катуулаган акыркы эки күндөн бери Биринчи май районундагы муниципалдык “Коломто” жайына үй-жайсыз, көчөдө калган адамдар көп келе баштады. Маалыматка ылайык, түндө “Коломтодо” 70тен ашуун киши түнөдү. Шаар жетекчилиги мындан ары үй-жайсыздар үчүн мындай жайлар ар бир райондо ачыларын кабарлоодо.
Үй-жайсыздар үчүн ачылган “Коломто” муниципалдык мекемеси 1998-жылдан бери иштеп келатат. 70 кишиге ылайыкталган мекемени каржылоо үчүн Биринчи май райондук администрациясынын бюджетинен 3 млн. 54 миң сом бөлүнгөн.
“Коломто” убактылуу түнөп кетүүнү каалаган, ошондой эле социалдык коргоо, тез жардам, милиция кызматтары же жергиликтүү бийлик тарабынан жиберилген үй-жайсыз адамдарга түнөк берет. Андагыларга акысыз тамак берилет, медициналык кароодон өтө алышат, муктаждары кийим-кече менен камсыз болушат. Мындан тышкары “Коломтодо” үй-жайсыз адамдарды социалдык, дарылануу жана башка тиешелүү жактарга бөлүштүрүүгө да шарт түзүлгөн.
Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсаловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, үй-жайсыз адамдардын саны тууралуу так маалымат жок. Байсаловдун айтымында, суук күндөрү үй-жайсыз адамдарга акысыз ысык тамагы менен убактылуу баш калкалоочу жайлар башка шаарларда да уюштурулат. (ZKo)