Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Орус президенти мектепте хижаб кийүүгө каршы чыкты


Владимир Путин бул "сезимтал маселе" боюнча пикирин коомчулукка кечээ алгач ирет билдирди.

Ал шайлоодо өзүнө колдоо көрсөткөн Бүткүл орусиялык элдик фронттун мүчөлөрү менен жолуккан учурунда буларды айтты:

- Эгер баары тең болбосо, эгер биздин өлкөнүн секулярдуулугу көрүнбөсө, калган баардык салттуу диндердин өкүлдөрү эртеби-кечпи өзүн кемсинген катары сезишет. Андан көрө баары бирдей болушсун.

Путин ошондой эле бүткүл өлкө үчүн болбосо да Орусиянын ар бир аймагы үчүн мүнөздүү бирдиктүү мектеп формасын киргизүү жагын карап көрүүнү сунуш кылды.

Орус президенти бул маселени түштүктөгү Ставрополь крайында жакында болгон окуядан кийин комментарийледи.

Ал жерде мектеп директору мусулман кыздардын хижабчан жүрүүсүнө тыюу салган соң коркутууга дуушар болгонун айтып чыккан.

Эсептерге караганда, Орусиянын 143 миллион калкынын 20 миллионун мусулмандар түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG