Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Тюмендеги кыргыз мигранттар жардам сурашат


Орусиянын Тюмен облусуна караштуу Салехард шаарында иштеген Мирбек Бекбердинов кыргыз мигранттар күн суукта жатаканадан чыгарылып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын маалымдашынча, мигранттар иштеген «Спецстрой» жоопкерчилиги чектелген коому 20-октябрда 13 кишини жатаканадан чыгып кеткиле деп эскертти. Мирбек Бекбердинов августтан бери айлыгын алалбаган мигранттар жумушка чыкпай койгондуктан, аларга каршы кодулоо болуп жатканын кошумчалады.

- Өмүрүбүзгө да коркунуч келип жатат. Акчаңарды алып кетебиз десеңер, жолдо баратканда Орусиянын башка шаарларынан таап алабыз. Тааныштарыбыз бардык жерде бар деп коркутуп, үркүтүп жатышат. Фирманын ашканасынан тамактанчубуз, ал жерден да тамактанбагыла деп айтышты. Ушундай жол менен иштейсиңер дегендей кылып жатат.

Тюменге Мирбектен башка дагы 12 кыргызстандык жаранды ушул жылдын августунда Сапар Жумабаев деген ортомчу Кыргызстандан алып барган. Ишкана болсо аларды эч кандай документсиз иштете баштаган.

"Азаттыкка" кайрылган мигртанттар ишкананын жетекчилери жана алар жашаган аймактагы Кыргызстандын расмий өкүлчүлүктөрү менен байланыша албай жатышкандыктарын билдиришти.

«Спецстрой» Орусиянын бир катар аймактарында иштеген курулуш компаниясы. Аталган ишкананын жетекчилери жана Кыргызстандын Орусиядагы расмий өкүлдөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок. (AKu/YA)

XS
SM
MD
LG