Ак үй Ливан борбору Бейрутта сегиз адамдын өмүрүн кыйган жардырууну “теракт” деп мүнөздөдү.
Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү Том Витордун айтымында, АКШ бул “варвардык кол салуунун” күнөөкөрлөрүн таап, жоопко тартууда Ливан өкмөтүнүн аракеттерин колдойт.
Бейрутта жума күнкү жардыруудан Ливандын ички чалгын кызматынын жетекчилеринин бири, генерал Виссам ал-Хассан жана башка жети киши каза таап, сексендей адам жаракат алган.
Кол салууну БУУнун Коопсуздук кеңеши да айыптады.
Маалыматтарга караганда, генерал Хасан мурдагы премьер-министр Рафик ал-Хариринин өлүмү боюна иликтөө жүргүзгөн топту башкарчу. Хариринин уулу, мурдагы өкмөт башчы Саид Харири бул террактын артында Сирия президенти Башар Асад турушу мүмкүндүгүн айтып чыкты.
Саид Хариринин оппозициячыл коалициясы генералдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти премьер-министр Наджиб Микатиге жүктөп, анын өкмөтүн кызматтан кетүүгө чакырды. (UE)