Мындай маалыматты абакта отурган депутат Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттыкка" билдирди.
- Дарыгерлердин кыстоосу менен кечээ кечтен тарта суу иче баштады. Анын ден соолугу начар абалда. Камакка алынган күндөн бери 12 кг арыктады.
Камчыбек Ташиев 17-октябрда кургак ачкачылык жарыялаган. Ал азыр абактын атайын медициналык мекемесинде жатат.
Камчыбек Ташиевдин саламаттыгына байланыштуу Икрамидин Айткулов дүйшөмбү күнү анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратурага өтүнүч жолдойт.
“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген шек менен камалган. Анын партиялаштары Талант Мамытов жана Садыр Жапаров да 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы тополоңдогу кылмышка шектелип, эки айга камакка алынган. (AKu)