25-октябрда Бишкек шаардык мэриянын алдында өтө турган акциянын катышуучулары жетекчиликтен майыптардын шаар ичинде жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү талап кылат. Бул тууралуу майыптардын укугун коргогон түйүн билдирди.
Алар эң азы борбор калаадагы окуу жайларга, маданий, социалдык, мамлекеттик имараттарга кирип чыгууда, аялдамаларда жана жолдон өтүүдө атайын шарттар түзүлүш керек дешет. Уюштуруучулар каалоочуларды иш-чарага чакырып, мэриянын имаратына кире ала тургандай ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн каражат да чогултат. Иш-чараны флеш моб, ыр, бийлер коштойт. (AKu)