Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Ливан жардыруудан мерт болгон аскерий жетекчи менен коштошууда


Өлкөнүн ички чалгын кызматынын жетекчилеринин бири, генерал Виссам ал-Хассан жума күнү Бейруттагы жардырууда набыт болгон сегиз кишинин бири.

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати анын өмүрүнө жасалган кол салууну генерал Хассан быйыл жайдагы иликтөөсүнө байланыштырды.

Анда Ливан бийликтери коңшу Сириянын бомба жардыруулар жана кол салуулар аркылуу Ливанда башаламандык уюштурууну көздөгөн кутуму жөнүндө айтышкан.
Жума күнкү окуядан бери премьер-министр Нажиб Микатинин дарегине кызматтан кетүү чакырыктары айтылып жатат.

Ал өзү мындай кадам жасоого даярдыгын, бирок кызматта туруусун өлкө президенти суранганын билдирүүдө.

Ал эми Ливандын мурдагы премьер-министри Саид Харири генералдын өлүмү үчүн Сирия президенти Башар Асадды айыптаса, оппозициячыл партиялар ливандыктарды Сирияга каршы демонстрацияларга чыгууга үндөштү.

Өзү Сириядагы жаңжал Ливандагы кырдаалды да бир топ чыңалтты. Өлкөдөгү суннит мусулмандар сириялык козголоңчуларды колдосо, шийиттер президент Асадды жакташат. (UE)

XS
SM
MD
LG