Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Орусия Түндүк Кавказда антитеррордук иш-чара өткөрдү


Орусиянын Антитеррордук улуттук комитети Түндүк Кавказда ири операция жүргүзгөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгында 49 согушкер жана бандит жок кылынды. Алардын арасында комитет мыйзамсыз жана согушкер топтордун лидерлери деп атаган 9 киши өлтүрүлдү. Комитет Кабардин-Балкар жана Дагестан жумурияттарында өткөрүлгөн операцияга Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.

XS
SM
MD
LG