Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Кувейтте демонстранттар менен полиция кагылышты


Кувейтте шайлоо мыйзамынын өзгөрүшүнө каршы чыккан демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Өлкөнүн ички иштер министрлиги кагылыш учурунда 11 полиция кызматкери жараат алганын билдирди. Ошол эле учурда ондогон демонстранттар жабыр тартканы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө.

Кувейтте демонстранттардын нааразылык акциясы жекшемби күнү башталган. Алар 1-декабрда өтө турган шайлоодон мурун шайлоо мыйзамынын өзгөртүлүшүнө каршы чыгууда. Оппозиция тарапкерлеринин жүйөөсүндө, бийлик мындай өзгөртүүлөр киргизүү менен оппозициянын укугун чектеп, бардык мүмкүнчүлүктү колуна топтоо аракетин көрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG