23-октябрда Алматыда өтө турган эл аралык “Бастау” студенттик тасмалардын фестивалына кыргызстандык үч жаш режиссердун тасмалары катышат. Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшеванын билдиришинче, аталган фестивалдын уюштуруучулары Айгүл Баканованын “Жамгыр ыры”, Адилет Каржоевдин “Сары-Ой” жана Алмазбек Зарылбек уулунун “Туткун” аттуу тасмаларын тандап алышкан.
Экинчи жолу өтүп жаткан кинофестивалдын жыйынтыгы 27-октябрда белгилүү болот. (BkA)
Экинчи жолу өтүп жаткан кинофестивалдын жыйынтыгы 27-октябрда белгилүү болот. (BkA)