Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Кеминде кытайлык компаниянын жабылышын талап кылгандар боз үй тикти


“Азаттыктын” кабарчысы Тимур Токтоналиевдин айтымында, Кеминдин Орловка айылында топтолгондор өз талаптары аткарылмайынча тарабай тургандыгын айтышууда.

Бүгүн аталган айылдын 200дөн ашуун тургуну алтын иштеткен Кытай компаниясынын алдында чогулган. Аталган райондун акими Умар Изабековдун “Азаттыкка” айтымында, чогулгандар компаниянын жабылышын талап кылууда. Чогулгандар кытайлык компания мыйзамсыз, экологияга зыян келтирип иштеп жатканын белгилеп, айрым кыргыз жарандардын иштен алынышына нааразы болушууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG