Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Акыйкатчы курсанттын өлүмүн иликтейт


ИИМ академиясынын имаратынан кулап кетип каза тапты делген 22 жаштагы курсант Нурлан Ниязбековдун өлүмүн Акыйкатчы түзгөн комиссия иликтейт. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ниязбековдун табышмактуу жагдайдагы өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен акыйкатчыга маркум курсанттын ата-энеси кайрылган.

8-октябрда Курсант Нурлан Ниязбеков нөөмөттө турган учурда 3-кабаттан кулап кетип каза тапкан. Академия жетекчилиги Ниязбековдун мас абалында кулап кеткенин билдирген. Курсанттын ата-энеси уулунун өлүмүнө өз убагында жардам көрсөтпөгөн академия жетекчилигинин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Бл окуяны азыр Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы иликтеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG