Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Токтонасыров Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп митингге чыкты


Укук коргоочу, "7-апрель" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыкты. Ал “Орусиянын экономикасын жөндөгөндөр - мигранттар”, “Мигранттар Орусия үчүн зор байлык” деген плакаттарды көтөрүп, Санкт-Петербургда борборазиялык мигранттарга арналып чыккан китепчеге нааразылыгын билдирүүдө. Ал китепчени чыгаргандардын кечирим сурашынын талап кылууда. Укук коргоочу мигранттарды шыпыргы, валик, кисточка сыяктуу аспаптарга теңеп тартылган кагазды элчиликтин имаратынын алдына чачып, кайра шыпырууда.

“Эмгек мигранттын сурап-билүү китепчеси” деп аталган китепче Санкт-Петергбург шаар бийликтеринин колдоосунда Орусиялык «Взгляд в будущее» уюму тарабынан басылып чыккан. Анда мигранттардын Орусияга кирүү, чек арадан өтүү жана иш табуу эрежелерин түшүндүрүп, андагы мигранттардын образы шыпыргы, валик, кисточка аркылуу берилген. Буга нааразы болгон Тажикстандын миграция кызматы орус бийликтеринен китепчини таратууга тыюу салууну өтүндү.(КЕ)

XS
SM
MD
LG