Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Ак-Төбөдө үч казак жараны террорчу деп соттолду

Казакстандын Ак-Төбө облустук соту жергиликтүү үч жаранды полициякананы жардырууга аракет кылган деп 6 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратты. Сот аларды терроризмди жайылтты, курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактаган деп да айыптады. Сот шаршемби күнү жабык өттү. Акыркы айларда Казакстандын батышындагы Ак-Төбө облусунда коопсуздук кызматтары ислам экстремисти жана террорчу деп шектелген бир нече адамды жок кылган.
XS
SM
MD
LG