Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасы каралат


Бүгүн Бишкек шаардык соту коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кожоналиевдин адвокаты Азиз Турдалиев кабарлады.

22-октябрда Кожоналиевдин баш коргоо чарасын кароо белгиленип, бирок айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу сот иши бүгүнкү жылдырылган эле.

3-октябрда тополоңго айланган митингде алып баруучу болгон Кубатбек Кожоналиевге бийлик басып алуу аракет кылган деген айып тагылып, 6-октябрда УКМКнын тергөө абагына камалган.

Тергөө абагында Кожоналиевдин саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу 18-октябрда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Кожоналиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып келүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG