Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Июнь коогасына тиешеси бар деп шектелген адам кармалды


Июнь коогасындагы массалык башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, эки жылдан бери издөөдө жүргөн 28 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалды.
Ал милиция тарабынан кечээ Ош шаарында колго түшүрүлгөнүн шаардык ички
иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.
Кармалган киши Кыргызстандын жараны, “Женго” деген каймана ат менен
белгилүү Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Китаец” деген
каймана ат менен таанымал экени айтылууда. Анын ким экени аныкталып, жабырлануучулар тарабынан да тастыкталды. Учурда шаардык
милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. Тергөө иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG