Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

"Республика": мамлекеттик кызматчылар "болуп көрбөгөндөй" бошотулууда


Бул тууралуу партия президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековго жана коомчулукка бүгүн жолдогон кайрылууда айтылат. "Республикачылар" жогорудагы көрүнүштү “оппозициядагы партиянын өкүлдөрүнө куугунтук” катары баалаган.

Партиянын эсебинде, “Республика” сунуш кылган кызмат адамдарын “негизсиз бошотуу” соңку күндөрү көбөйгөн. Кеминде эки райондун (Панфилов, Кадамжай) быйыл жазда эле шайланган акимдери, өкмөт аппаратынан бир учурда он алты адам бошотулган.

Өкмөт аппараты мурда коалицияга кирген партиянын дооматына азырынча жооп кайтара элек.
(UE)

XS
SM
MD
LG