Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого 13 партия катталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Аны айтымында, жалпысынан шаардык кеңеш үчүн шайлоого катышууга 23 саясий партия документ тапшырган. Катталган 13 партиянын катарында КСДП, “Ата-Журт”, "Республика", “Ак шумкар”, “Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана башка партиялар бар. Каттоо бүгүн кечке чейин да уланат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 25-ноябрга белгиленген. Бул күнү Кыргызстан боюнча 25 шаар жана 416 айылдык кеңешке шайлоо болот. Учурда добуш берүү өтө турган 2028 участкада шайлоочулардын тизмеси илинди. Үгүт өнөктүгү бүгүн түн ортосунан тарта башталып, добуш берүүгө бир күн калганга чейин созулат. БШКнын маалыматы боюнча 91 маалымат каражаты үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө укук алды.(BkA\AiT)

XS
SM
MD
LG