БУУнун коопсуздук кеңеши Сирия бийлиги менен козголоңчуларды төрт күнгө ок атышууну токтотуу боюнча сунушту кабыл алууга үндөдү. Буга чейин Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими дал ушундай сунуш менен чыгып, жума күнү башталчу Курман айт күндөрү эки тарап тең ок атышууну токтотууга алдын ала макул болушканын билдирген.
Лахдар Брахими сириялык козголоңчулардын кайсыл топтору менен байланышканын айтпастан, бирок алардын көпчүлүгү ок атышууну токтотууга принцибинде көнгөнүн белгилеген. Буга чейин Сирия маселеси боюнча ар кыл позицияны карманып, бир пикирге келе албай жаткан Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бул ирет бир добуштан “зомбулуктун бардык түрүн тезинен токтотууга” макул болушту.
Сириянын өкмөтү ок атышууну токтотуу шартын кабыл алды делгени менен азырынча расмий түрдө билдирүү жасай элек.
Сириядагы жаңжал бир жарым жылдан бери уланып келе жатат. Анын кесепетинен ар кыл маалыматтар боюнча, 20 миңден 30 миңге чейин адам набыт болду.