Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:42

Судан БУУну Израилди аба соккулары үчүн айыптоого чакырды


Судан өлкөдөгү курал-жарак заводуна жасалган аба соккулары үчүн Израилди айыптап, БУУнун коопсуздук кеңешинен чара көрүүнү талап кылды. Израил өкмөтү болсо бул айыптоолор боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда. Өлкөнүн коргоо министри Эхуд Барак Израилдин мамлекеттик телесинде сүйлөп жатып, бул боюнча эч нерсе айта албай турганын билдирди.

Судандагы Ярмук деп аталган аскер заводунда шаршемби күнү эртең менен жарылуу болуп, өрт чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, мындан эки адам каза тапты.

Судандын БУУдагы өкүлү Даффа Елхад Али Осман коопсуздук кеңешинде Израилдин төрт учагы өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, чабуул жасаганын билдирип чыккан. Ал Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши бул окуя боюнча тезинен чара көрүп, тынчтык жана коопсуздук концепциясын одоно бузганы үчүн Израилди айыптоого тийиш экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG