Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Ички иштер министрлигинен 12 кен боюнча ноябрда өтө турган аукциондо коопсуздукту камсыздоону өтүнүүдө. Бул тууралуу агенттиктин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Рыскулов бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Ал инвесторлордун ишенимин пайда кылуу үчүн аукцион учурунда бекем тартипти сактоо зарыл экенин белгиледи.
12 кен боюнча аукцион 2-ноябрга белгиленген. Аукционго жергиликтүү жана чет элдик 43 компания катышат. Мурдагылардан үчөө баш тарткан. Аукционго коюлуп жаткан 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкы-Терек алтын кени жана Жумгалдагы Акулак көмүр кени казууга, калгандары изилдөөгө берилет.
Ушул жылдын 28-августунда кендер боюнча өткөрүлүп жаткан аукцион жарандык коомдун айрым өкүлдөрү тарабынан үзгүлтүккө учураган. Алар түз эфирдеги аукционду токтотушкан болчу. (KKs)