Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

Ысык-Көлдө аракечтерге ооруканадан орун жетпей жатат


Бул тууралуу "Азаттыкка” Караколдогу Ысык- Көл облустук психо-наркологиялык бөлүмдүн жетекчиси Сара Курманалиева билдирди. Анын айтымында, облуста күнүнө кеминде 10 адам мас абалында жана аракка уланып ооруканага түшүүдө. Наркология бөлүмү 24 кишиге эсептелинсе, ага 40 оорулууну жаткырганга туура келүүдө.

“Аракка берилгендер үчүн кошумча керебеттерди киргизип жатабыз. Планды 118 пайызга аткаруудабыз. Себеби кышкысын мас болуп жатып калган кишилер жана селсаяктарды тез жардам көчөдөн чогултуп, бул жакка алып келе берет. Бул жер наркологиялык бөлүм эмес, соолуктуруучу жайга айланып калууда”,-деди Сара Курманалиева.

Мындан улам жетекчилик селсаяктар үчүн өзүнчө бөлүм ачып берүүнү өкмөттөн суранууда.

Сара Курманалиева аракечтик менен ооругандарды дарылоо өтө оор болгондуктан, мындай шартка чыдабаган кызматкерлер жумуштан кетип жатканын кошумчалады. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG