Шамал айдаган толкун Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө, анын ичинде Ямайка жана Гаитиде 9 адамдын өмүрүнө зобун кылды. Ушул тапта бороон Багам аралдарынын түндүк бөлүгүн каптап киргени кабарланды. Америкалык синоптиктердин маалымдашынча, бороон-чапкыт айдаган толкун келерки аптанын башында Кошмо Штаттардын чыгыш жээгине жакындаганда кар аралаш бурганакты жаратышы мүмкүн.