Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кытай банкынын кварталдык кирешеси 17 процентке өстү


Өлкөдо экономикалык өсүү темпинин басаңдашына карабай, Кытай банкынын кирешеси соңку токсондо 17 процентке өстү. Bank of China өлкөдөгү эң кубаттуу өкмөттүк төрт банктын бири болуп саналат. Банктын билдиришинче, үчүнчү кварталдын жыйынтыгы боюнча, 34.8 миллиард юан же 5, 5 миллиард доллар киреше алды. Былтыр үчүнчү токсондо Кытай банкы 29, 8 миллиард юан киреше алган эле.

Кытай банкынын кирешесинин өсүшүнө өкмөттүн банктарга насыя үчүн төлөнчү акылардын өлчөмүн төмөндөтүүсү өбөлгө болгон.

XS
SM
MD
LG