Орусиядагы оппозициячыл "Солчул фронттун" координатору Сергей Удальцов өлкө президенти Владимир Путиндин башкаруусуна каршы калың эл катышкан тополоң уюштурмак болгон деп айыпталды. Федералдык чалгындоо комитетинин өкүлүнүн билдиришинче, Удальцов жума күнү сурак учурунда ага коюлган айыптоону мойнуна алган жок .
Буга чейин НТВ телеканалында көрсөтүлгөн “Анатомия протеста-2” фильмине байланыштуу ачылган кылмыш ишинен улам, Удальцовдун санаалаштары Константин Лебедев жана Леонид Развозжаев камакка алынган болчу. Развозжаев бейшемби күнү мурда ага көрсөтүлгөн кысымдан улам жасабаган күнөөсүн мойнуна алганын айтып, баштапкы сөзүнөн баш тартканын адвокаттары билдирген.