Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:21

Украинада парламенттик шайлоо өтүп жатат


Мажоритардык жана пропорционалдык система менен укриан парламентине 450 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланып келет. Шайлоодо президент Януковичтин башкаруучу Региондор партиясы, азыр абакта жаткан оппозиционер Юлия Тимошенконун «Батькивщина» жана атактуу мушкер Виталий Кличко жетектеген УДАР партиясы негизги атаандаштардан болууда. Украинада шайлоочулар канчалык аз добуш берсе дагы шайлоо өттү деп эсептелет.

Шайлоого төрт миңдей эл аралык байкоочу көз салууда, алардын жети жүзү ЕККУнун өкүлдөрү. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон президент Виктор Януковичке кайрылып, парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө чакырышты.

Бул шайлоого оппозиция лидерлери Юлия Тимошенко жана мурдагы ички иштер министри Юрий Луценко абакта жатканына байланыштуу катыша алышкан жок. Эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар бул лидерлерди “саясий туткундар” деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG