Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Украинадагы шайлоодо 5 партия минималдык чекти багынтты


Экзит-полдун жыйынтыгына караганда, президент Виктор Янукович башындагы башкаруучу партияны көпчүлүк  эл колдогон. Демократиялык демилге фонду өткөргөн сурамжылоо боюнча, "Региондор" партиясы 28 процент добуш менен биринчи орунда. Экинчи болуп  24, 7 процент добуш менен абактагы экс-премьер Юлия Тимошенконун альянсы баратат. 

Дүйнө чемпиону, мушкер Виталий Кличконун УДАР партиясы 25 процент добуш менен үчүнчү орунда. Ашынган улутчул “Эркиндик” партиясы 12, 3 процент, Коммунисттик партия 12 процент добуш менен келатат.

Башка бир да партия 5 проценттик чекти багындырган эмес. 450 орундуу  Украин парламентинин теңи партиялык тизме менен, теңи бир мандаттуу округдардан шайланат. Тимошенко жетектеген  “Батьківщина” партиясынын төрагасынын орун басары Александр Турчянов 28-октябрда Киевдеги пресс-конференцияда: “Шайлоо башталганда өлкө боюнча 908 миң оорулуу бар эле. Кайра айтам: 980 миң. Эки саат өткөндөн кийин капылеттен ооруган адамдар 400 миңге жетти”, - деп билдирди.

 

XS
SM
MD
LG