Мянмардын батышында болгон диний араздашуудан улам 26 500 адам там жыйын таштап кетти. Улуттар уюмунун гумманитардык иштер боюнча Мянмардагы координатору Ашок Нажамдын билдиришинче, 22 миң качкын июндагы диний тополоңдон кийин ачылган лагерге келип, баш калкалоодо. 4 миңдей адам Аракан штатынын борбору Ситтуэйге кайык менен жөнөтүлгөн. Ракхин штатындагы буддистер менен мусулмандар аралык араздашууда жабыркап качкандардын көпчүлүгү мусулмандар. Мянмардын өкмөтү өткөн аптада Ракхин жеринде болгон коогалаңда 67 адам набыт болуп, 95 адам жараат алганын билдирген. Хьюман Райтс Уоч уюму апаатта өлгөндөрдүн саны бир кыйла көп болушу мүмкүн дейт.