Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябаонун үй-бүлөсү “ал өкмөт башына келгенден бери миллиарддаган доллар байлык топтоду” деген маалыматты анын адвокаттары Гонконгдун South China Morning Post гезитине басылган катта жокко чыгарышты. Бул Кытай премьеринин The New York Times гезитине берген расмий жообу болду. “Нью-Йорк Таймс” жакындагы санында Вэн Цзябаонун уулу, энеси, зайыбы жана башка туугандарына катталган акциялар 2, 7 миллиард долларга чамалайт деп жазган болчу. Гезитте бул байлыкты Вэн көзөмөлдөйбү же мыйзамсыз операциялардан түшкөнбү, айтылган эмес.
Вэндин адвокаттары Гонконгдун гезитине жарыяланган макалада ньюйорктук гезит Вэндин үй-бүлөсүн “каралоо үчүн жок жашыруун байлыктарды” ойлоп жазганын жана гезиттен “расмий түрдө жооп берүүнү” талап кылуу укуктары бар экени, бирок аны азырынча колдонбой турушаары айтылат.