Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Мурдагы министр Сабировдун иши боюнча сот аяктоо алдында


Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров 1-ноябрда боло турган соттук териштирүүдө өзү көрсөтмө берет. Ошол эле күнү ага өкүм чыгары ыктымалдыгын экс-министрдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар мурунку министрди жасаган кылмышы үчүн 15 жылга, ал эми анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн. Адвокат муну жүйөөсүз айыптоо деп эсептөөдө.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен 31-август күнү кармалып, камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Буларга чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG