Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Кырсыкка кабылгандардын көбү кышка камдап койгон чөбүнөн айрылган. Чүйдүн Жайыл районундагы бир тургундун 200 түгү, дагы бир малчынын 15 тонна чөбү, Таластын Бакай-Ата районунда бир кишинин 6 тонна чөбү күйгөн. Ал эми Жалал-Абаддын Токтогул районундагы бир малчынын 6 тонна, Ала-Бука районундагы бир кишинин 100 түк чөбү жок болду. Оштун Өзгөнүндө бир короодо 8, дагы бир короодо 4 тонна чөп күйгөн. Ошондой эле Баткен районунун Кадамжай районунда бир малчы 4 тонна чөбүнөн айрылды. (RK)